Ссылки доступа

Москвада тажикстандык блогер сабалды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Саша Москва аттуу тажик блогери эмнеге сабалды? Алматынын укук коргоочулары шаардык тергөө абагындагы кызматкерлердин жашыруун кызмат акыларын баасын жарыялашты. Орусиянын борборунда Тажикстандын Саша Москва аттуу блогери кайрадан сабалды. Бишкектеги бала бакча кызматкерлери Жаңы жылда Аяз атанын ролун аткарышууда. (видео)

- Бишкектин жашоочулары эмнеге шаардын жаңы жылдык жасалгасына нааразы болушууда? (Настоящее время)

- Депутаттар теңге жөнүндө: «Эл көнүп деле калды окшойт». Казакстан фондулук биржасында теңгенин долларга карата курсу 377,50 чейин төмөндөдү. Азаттыктын кабарчылары сенат депутаттарынан теңгенин арзандашы казакстандыктардын жашооосуна кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө суроо узатты. (Казакстандан видео)​

- Даниель Рустамов: "Тажикстанда таланттар көп экенин көрсөткүм келет". Даниель Рустамов Орусиянын Биринчи каналындагы «Голос» сынагынын жарым финалына өткөн Тажикстандын алгачкы өкүлү. (видео)

- Трамп эмнеге күтүүсүздөн АКШнын Ирактагы аскердик базасына барды? (Настоящее время)

- Жалал-Абад — Анжиян темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети. (Кыргызстандан видео)

- Убадаланган жумуш үчүн көчүп баруу. Мамлекеттик программа менен түштүктөн түндүккө көчүп барган жубайлар жумушка орношо албай жатышат. Алты баласы менен Жамбыл облусунан Түндүк-Казакстан облусуна көчүп барган ата-эне жумушсуз отурат. (Казакстандан видео)​

- Жаңы жылдык маанай. Бишкек Жаңы жылга даярданууда. (сүрөт баян)

- Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады. Балыкчынын I топтогу майып тургуну Төлөбек Бейшенбеков «Окей» деп аталган социалдык такси кызматын ишке киргизди. (видео Директ)

- Орусиянын Юстиция министрлиги Лев Пономаревдун дагы эки уюмун текшерет. (Настоящее время)

- ДЦП менен ооруган программист сүйлөшүү тиркемесин иштеп чыкты. (видео Директ)

- Клинцы шаарынын башчысы аткаминерлердин балдарынын Түркияга эс алып келген акчасын кайрымдуулук фондуна кайтарып берди. Калаа башчысы Олег Шкуратов кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияда эс алган аткаминерлердин балдарынын жолдомо акыларын өзү төлөп берерин билдирди. (видео Директ)

- Жалал-Абад: эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор. (Кыргызстандан видео)

- Сахароводо сабалган мигранттар. Укук коргоочулар Орусиядагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда мигранттарды күзөтчүлөр ур-токмокко алып, мазакташарын айтып, коңгуроо кагышууда. Египеттин эки мурдагы президенти сот залында жолугушту. АКШ президенти Дональд Трамп күн мурунтан жарыялабай туруп, күтүүсүз Иракка барды. (Директтен видео)

- Окуучулардын көйгөйү көркөм тасмада. Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулар арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Директтен видео)

- Харьков жаңы жылдык балатыны кооздоого жумшалган акчанын көлөмү боюнча рекорд койду. Шаардагы балатыга Нью-Йорктун башкы балатысынан эки эсе көп каражат жумшалган. (Настоящее время)

- Дүйнө лидерлери БУУда эмнелери менен эсте калды? Башкы Ассамблеянын 2018-жылдагы эң көрүнүктүү учурлары. (видео Директ)

- 2019-жылы Украинадагы цирктер жаныбарларсыз калышы мүмкүн. (видео Директ)

- Азыркы заманбап каржы пирамидалары кандай иштейт жана эмнеге миңдеген адамдар алардын курмандыгы болуп калууда? (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG