Маалыматка ылайык, өлкөдөгү минималдык айлыктын өлчөмү 26 миң теңгеден (72 доллар) 42 миң 500 теңгеге (110 доллар) чейин көтөрүлөт. Бул өзгөрүүлөр жалпысынан 1 миллион 300 миң казакстандыкка тиешелүү болору айтылууда.
Мындан тышкары тилектештик жана базалык пенсия көлөмү дагы жогорулайт. Алсак, тилектештик пенсиясы жети пайызга көтөрүлүп 36 108 теңгеге (93 доллар), ал эми базалык пенсия беш пайызга көтөрүлүп 52 145 теңгеге (135 доллар) жетет.