«Бул коммерциялык себептерге байланыштуу. Тагыраагы айрым багыттар боюнча каттамдарды аткаруу пайдасыз болууда. Жүргүнчүлөрдү абалды түшүнүүгө чакырып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп жазылган «Тажик Эйрдин» билдирүүсүндө.
Авиакомпаниянын басма сөз катчысы Азиз Хайруллоев каттамдар 5-январга чейин токтотулганын билдирди.
«Бул жумада Хожент, Санкт-Петербург, Тегеран жана Дели багыттары боюнча каттамдар аткарылбайт. Бул шаарларга кийинки аптада каттамдар аткарылар-аткарылбасы азырынча белгисиз», — деди ал.
Былтыр ноябрдын аягында өлкө башчы Эмомали Рахмон өкмөт жыйынында ата-мекендик авиакомпаниянын ишин сынга алып, анын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасын берген.