Ссылки доступа

Самаркандда иш берүүчүлөр тарабынан сабалган аял алардын жазасын катаалдатууну талап кылууда


Өзбекстандын Самарканд облусунун тургуну Феруза Убайдуллаева сот аны катуу сабап, зордуктоого аракет кылган адамдарга жеңил жаза берип койгонун билдирүүдө.

Анын айтымында, күйөөсү экөө келишимдин негизинде бир жыл бою жергиликтүү жеке чарбалардын биринде иштешкен. Бирок жумуш берүүчүнүн инилери аларды уурулукка айыптап, катуу сабап, акыларын берүүдөн баш тарткан. Алар аялды кемсинтип, бул учурду видеого да тартып алышкан.

2018-жылы 26-октябрда болгон бул окуяны Акдарыя райондук соту караган. Анда аялды сабады делген ага-ини кемсинтүү жана денеге жеңил залал келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, эки минималдык айлык көрсөткүч (49 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок Феруза Убайдуллаева муну өтө жеңил жаза деп эсептөөдө.

«Алар мени сабап жаткан учурда тартылган видеону интернетке чыгарышкан. Мен судьядан ошол видеону табууну өтүндүм, бирок ал иштин материалында жок болуп чыкты. Мен эч нерсе уурдаган эмесмин, ак эмгегим менен тапкан түшүмдү алып бараткам. Судья отурумга эч кандай күбөлөрдү чакырган жок. Азыр ага-ини аларды жазага тарта албай турганымды, анткени баарын сатып алышканын айтып жатышат. Мындан тышкары эгер дагы арыздансам, мени жылаңачтап тартып алган видеону интернетке жарыялайбыз деп коркутушууда», — деди Убайдуллаева.

Райондук милициянын тергөөчүсү Азиз Нозимов эч кандай видеотасманы көрбөгөнүн билдирди. «Эгер доогерде кошумча маалыматтар пайда болсо, анда ал каалаган убагында бизге арыз менен кайрылса болот», — деди ал.

XS
SM
MD
LG