Ссылки доступа

2018: Саясат кайнаган жыл (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- 2018: Саясат кайнаган жыл. "Эксперттер талдайт" берүүсүндө узап бара жаткан жылдагы саясий окуялар талкууланды. Ага коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов, журналист Аскер Сакыбаева, “Марал” радиосунун директору, экономист Руслан Акматбек жана Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы, журналист Ибраим Нуракун уулу катышты. (Директтен видео)

- "Ыңгайсыз суроолор": жыл жыйынтыгы. 2018-жылы "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы жалпысынан элүүгө жакын берүүсүн элге тартуулады. Анда Кыргызстандагы саясий, коомдук темаларды ар тараптан талдап, иликтеп, бейтарап чагылдырып берди. Айрыкча өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү, кылмыштын көмүскө фактыларын ачыктап, айрым иликтөөлөр коомчулукта резонанс жаратып, ал окуяларга укук коргоо органдары реакция кылышты. (Директтен видео)

- 2018: топ жарган айымдар. “Эже-сиңдилер” телеберүүбүздүн майрамдык баарлашуусуна жыл ичинде коомчулуктун назарында болгон, көп сын пикирлерге кабылган айымдарды чакырдык. (Директтен видео)

- "Азаттыктын" каарманы: Мадинанын максаты. Ош шаарынын тургуну Мадина Арслан кызынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да тоок чарба иштеткени тууралуу баяныбыздан соң ага АКШда иштеген мекендештер кайрылып, дарылануусуна жардам беришиптир. Сурдокотормочулукту үйрөнүп жаткан 22 жаштагы жаратман каарманыбыз баса албайм деп чүнчүп, үйдө отуруп калууну каалабай коомго аралашып, өзүн алга жетелеп, керек болсо өзү сыяктуу адамдардын жашоосун жеңилдеткенге жардам берсем деп тилек кылат. (Директтен видео)

- Роза Отунбаева: Бийликтен кеткенди билиш керек. (Директтен видео)​

- Укук коргоочулар жаңы жыл түнү Кызыл аянтта мигранттар жапырт кармалганын билдиришүүдө. Москвада, анын ичинде Кызыл аянтта эмгек мигранттарынын жапырт кармалышы видеого тартылып калган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 1-январга оогон түнү милиция бөлүмүнө 600гө жакын киши жеткирилген. (Настоящее время)

- Куткаруучулар Магнитогорскто урандылардын арасынан кичинекей баланы табышты (видео)

- Самаркандда 35 жаштагы аялды фермердин туугандары сабаган. Ал сот аны сабаган иш берүүчүлөргө жумшак жаза берип койгонуна даттанууда. (Өзбекстандан видео)

- Постсоветтик мамлекеттердин тургундары өзүнө жана өлкөсүнө эмнелерди каалашат? Жаңы президент, жакшы жолдор, согуштун аякташы, мол түшүм, коркпоо, жакырчылыкты жеңүү жана өзү менен сыймыктануу (видео)

- Шаардыктардын жаңы жылдык тилектери. 2018-жыл сапарын карытып, 2019-жыл босогодо турат. “Азаттык” шаар тургундарынан узап бараткан жылдагы жетишкендиктери жана келаткан жылдан эмнени күтүшөөрүн сурады. (Директтен видео)

- Ош: имиш кепке ишенгендер дүрбөдү. "Совет бийлигинин тушунда топтолгон байлык ошол мезгилде төрөлгөн кишилерге бөлүп берилет" деген имиш Ош шаарында желдей тарап жатат. Бир айдан бери "белгисиз байлыкты бөлүштүрүп алуу үчүн" Союз учурунда төрөлгөн адамдардын документтери чогултулууда. "Вотсаптан" тараган имишке ишенгендер Союз мезгилинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн "тонналаган алтындарды элге кайтарабыз" деген демилгечилерге тапшырууда. (Директтен видео)

- Жаңы жылды иш үстүндө тоскондор. 31-декабрда Бишкекте шаардыктар менен борборго келген меймандар жаңы жылдык дасторконду жайнатуу, бирин бири куттуктоо менен алек болуп, базар, дүкөндөрдө түртүшмөй күч. Элдин коопсуздугу, тазалыгы, ден соолугу жана башка кызмат көрсөтүү милдетин алган тармак өкүлдөрү кадимкидей иш үстүндө. "Азаттыктын" кабарчылары алардын майрам алдындагы маанайын билүү үчүн иш үстүндө кабар алды. (Директтен видео)

- Кыштоодогу майрам. Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылына караштуу Тегерек-Кырчын кыштоосунда онго жакын үй-бүлө жашайт. Кар жааганда бул кыштоого барчу жол жабылып, беш чакырымдай жолду жөө басып өтүш керек. Жолу татаал, жашоосу катаал бул аймактагылар жаңы жылды кантип тосушат? (Директтен видео)

- Зере: активист кыздын концерти. (видео)

- Армениядагы баркыт ынкылабынан Өзбекстандагы жашыруун метрого чейин. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түрдүү редакцияларынын эңэс калган сүрөттөрү. (Сүрөт баян)

- Эмнеге кыргыз бала бакчаларында эркек Аяз Аталар жок? (видео)

- «Бийлик сырлары». Масалиев: Тил алчактык – бул депутаттардын өзүн-өзү сактоо инстинкти. (Кыргызстандан видео)

- Жалал-Абад — Анжиян темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети. (Кыргызстандан видео)

- Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады. Балыкчынын I топтогу майып тургуну Төлөбек Бейшенбеков «Окей» деп аталган социалдык такси кызматын ишке киргизди. (видео Директ)

- Дүйнө лидерлери БУУда эмнелери менен эсте калды? Башкы Ассамблеянын 2018-жылдагы эң көрүнүктүү учурлары. (видео Директ)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү (сүрөт баян)

- Борбор Азияда майрамдардын саны боюнча кайсыл өлкө алдыда? (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG