Ссылки доступа

Швеция: терактты пландагандардын арасында кыргызстандык бар


27-декабрда Швециянын прокуратурасы теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн үч жаранына айыбын угузду. Алар менен бирге дагы үч киши «Ислам мамлекети» тобун каржылоого айыпталууда.

«Үч шектүү адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүрүшкөн. Эгер алар пландаган теракт ишке ашып калса, көптөгөн жоготууларга алып келмек», — деп жазылган өлкө прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Беш киши 2018-жылдын апрелинен бери камакта жатат. Алтынчы шектүү учурда эркиндикте, ал 7-январга белгиленген сотту күтүүдө.

Бул кылмыш иши тууралуу документалдык тасма даярдап жаткан «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы Сирожиддин Толибов «Настоящее время» телеканалына иштин чоо-жайы тууралуу айтып берди.

Подробности задержания выходцев из Центральной Азии в Швеции по делу о подготовке терактов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Швеция прокуратурасы эки шектүүнүн телефондору 2017-жылдан бери тыңшалып келгенин билдирүүдө. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, өз ара жазышууда алар коддук сөздөрдү пайдаланышкан. Анда «үйлөнүү той» сөзү теракт, ал эми «унааны кооздоо» сөзү мина коюуну билдирген.

Алты шектүү тең айыптоолорду четке кагышууда.

Айыпталуучулардын биринин адвокаты Швед радиосуна берген интервьюсунда ал жактоого алган адам банкротко кептелген фирмадан ири өлчөмдө химикаттарды сатып алып, кийин аларды кайра сатууга аракет кылып жүргөнүн билдирди.

Теракт даярдоого айыпталып жаткан үч адамга төрт жылдык мөөнөттөн өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза белгилениши мүмкүн. Олуттуу кылмыштарды каржылоо үчүн швед мыйзамдарында эки жылдык абак мөөнөтү каралган.

Шектүүлөр ким?

  • Давид Идриссон, 46
Давид Идриссон
Давид Идриссон

Прокуратура химикаттарды Идриссон сатып алганын билдирүүдө. Ал ошондой эле маңзат сактаган деп айыпталууда. Полиция анын унаасынан 49 грамм марихуана тапкан.

Идриссон (Фархад Ташмухаммедов) – Өзбекстандын жараны. 2008-жылы Швецияга баргандан кийин аты-жөнүн өзгөртүп алган. Ал өлкөдө качкын катары жашап туруу укугуна ээ болгон.

  • Бахтиер Умаров, 30
Бахтиер Умаров
Бахтиер Умаров

Прокуратура аны терактка даярдык көргөн жана «ИМ» тобун каржылаган деп айыптоодо. Мындан тышкары ал Грециянын жасалма паспортун колдонуу менен Түркиядан акча алууга айыпталууда.

Умаров дагы Өзбекстандын жараны. Ал Швецияга 2011-жылы барган. Кийинчерээк Өзбекстанга кайтып барып, Орусияда, Түркияда жашаган. Швецияга кайра кайтып баргандан кийин качкын макамын сураган.

  • Атабек Абдуллаев, 39
Атабек Абдуллаев
Атабек Абдуллаев

Кыргызстандын жараны, алгачкы жолу Швецияга 2017-жылы барган. Ага чейин ЕБде калуу үчүн Польшада иштөөгө уруксат сурап жүргөн.

Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жергиликтүү кооз жерлердин жана туристтик жайлардын сүрөттөрүн чыгарып турган. Прокуратура булар теракт жасала турган жерлер болгон деп эсептөөдө.

  • 34 жаштагы эркек

Өзбекстандын жараны «Ислам мамлекети» тобу аркылуу олуттуу кылмыштарды каржылаган деп айыпталууда.

Алгачкы жолу Швецияга 2008-жылы барып, бирок качкын макамын ала алган эмес. 2011-жылы дагы бир жолу барып, Швецияда жашоо жана иштөө укугуна ээ болгон.

  • 39 жаштагы эркек

Өзбекстандын жараны. Ал дагы «Ислам мамлекети» аркылуу олуттуу кылмыштарды каржылаган деп айыпталууда.

  • 24 жаштагы эркек

Бул дагы «Ислам мамлекети» тобу аркылуу олуттуу кылмыштарды каржылоого айыпталып жаткан Өзбекстан жараны. Ал учурда эркиндикте жүргөн жалгыз шектүү.

2017-жылы 7-апрелде саатына 60 чакырым ылдамдык менен бараткан жүк ташуу унаасы Стокгольмдун борборунда жөө адамдарды коюп өтүп, Ahlens соода борборун сүзүп токтогон. Анда төрт киши мерт болуп, 15и жаракат алган.

Көп өтпөй Өзбекстандын Рахмат Акилов аттуу жараны теракты «Ислам мамлекети» террордук тобунун буйругу менен жасаганын мойнуна алган.

2018-жылы июнда швед соту аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

XS
SM
MD
LG