Ссылки доступа

Магнитогорск: Урандылар алдынан төрт тажик жаранынын сөөгү табылды


Куткаруучулар Магнитогорскто жарылган үйдүн урандыларынын алдынан тажик үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнүн сөөгүн табышты. Бул тууралуу 3-январда Тажикстандын Екатеринбургдагы башкы конусулу Сафар Сафаров билдирди.

Дипломаттын айтымында, учурда алардын сөөктөрү өлүкканада. «Туугандары 24 жаштагы Ражабмо Исоевди, 6 жаштагы Ахмадды, 4 жаштагы Фотиманы жана 3 жаштагы Саймухсиддинди таанышты. Эми алардын уруксаты менен сөөктөрдү Тажикстанга жөнөтөбүз», — деди башкы консул. 26 жаштагы үй-бүлө башчысы Шухрат Улфатов урандылардын алдынан табылып, ооруканага жеткирилген. Учурда ал реанимация бөлүмүндө дарыланууда.

Буга чейин Сафар Сафаров жарылуу болгон үйдө жашаган экинчи тажик үй-бүлөсү окуя болгондон кийинки алгачкы сааттарда куткарылганын билдирген. «Махмадрозик Самиевдин үй-бүлөсүнүн бардык жети мүчөсү тең аман-эсен. Алар менен сүйлөштүм, баары жайында», — деп билдирген тажик дипломаты.

Белгилүү болгондой, подъездин урашынан Аламшо аттуу дагы бир тажик тектүү адам жабыркаган. Ал кырсык болгондон кийинки мүнөттөрдө үйдүн төрт тургунун куткарууга жетишкен.

31-декабрда Мгнитогорск шаарындагы он кабаттуу үйдө газ жарылып, анын бир подъезди толугу менен урап калган. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан 37 киши мерт болду. Куткаруучулар дале болсо урандылар алдында калган адамдарды издөө иштерин улантып жатышат.

XS
SM
MD
LG