Ссылки доступа

Жаңы жазалар жолду тартипке салабы? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жаңы жазалар жолду тартипке салабы? 1-январдан тартып жаңы Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Бул кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылган. Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөрдү "маичилер" жана айдоочулар кандай кабыл алды? (Директтен видео)

- Кыштутта телеканалдар тарта баштады. Төрт тарабы тоолор менен курчалган Кыштут айылынын тургундары ушул жыл башында Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпай, өлкөдөгү окуялардан, жаңылыктардан кабарсыз калып жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан болчу. Кыштуттуктардын көйгөйү тууралуу атайын тасма тартылып, көрсөтүлгөндөн кийин абал өзгөрүп, Кыргызстандагы бир да телеканалдын берүүлөрүн көрө албай келген айылдын эли азыр 15 телеканалды көрүп жатыптыр. (Директтен видео)

- Чыныгы турмуштагы Момун чал. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести чыныгы турмуштук окуядан алынган. Каркыра жайлоосуна бараткан жолдо кезиккен токойчу карыя жазуучунун 3-4 айдан кийин жарык көргөн атактуу чыгармасынын негизги каарманына айланган. Айтматовдун айтылуу Момун карыяга жолукканы тууралуу ошол кезде жазуучуну жайлоого коштоп бара жаткан “Санташ” совхозунун профсоюзунун төрагасы Бектурган Сыдыков уулу Шүкүрбек Сыдыковго айтып берген. (Директтен видео)

- Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри.1-январдан тартып Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Бул реестр адам укуктарын сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш жаатында маанилүү өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүшү керек. (Директтен видео)

- Азия: Магнитогорскто каза болгондорду туугандары жоктоп ыйлап жатышат. Магнитогорскто жарылуу болгон үйдүн урандыларынын алдынан төрт тажик жаранынын сөөгү табылды, алар мекенинде жерге берилет; Астанада кичинекей кезинен бери ДЦП менен ооруган аялды Жаңы жыл түнү клубга киргизишкен жок. (Настоящее время)

- "Мени Кудай үйдөн чыгарды". Магнитогорск тургуну жарылуу болордон 15 мүнөт мурда үйдөн чыгып кеткен (видео)

- Магнитогорсктун үрөйүн учурган үч күн (видео Директ)

- Денис Тендин өлүмүнө шектелгендер айыптоолорду четке кагышууда (Казакстандан видео)

- Кыргызстанда кыйноолорго каршы күрөшүү үчүн айнек сурак бөлмөлөрү ачылууда (видео)

- Алматыдагы аба тууралуу активист менен жергиликтүү бийликтин талашы (видео)

- «Согушка чейин казак тилинин латын ариби оңой окулчу» - Уральсктагы китеп көргөзмөсү. Уральск шаарында 1929-жылдан 1940-жылга чейин колдонулуп келген казак тилинин латын арибине арналган «Латын» аттуу көргөзмө өтүүдө. Анда негизинен балдар адабияты, илимий-популярдуу басылмалар жана окуу китептери коюлган (сүрөт баян)

- Куткаруучулар Магнитогорскто урандылардын арасынан кичинекей баланы алып чыгышты (видео)

- Швецияда теракт даярдоого шектелген борборазиялыктардын кармалышынын чоо-жайы (видео)

- Самаркандда 35 жаштагы аялды фермердин туугандары сабаган. Ал сот аны сабаган иш берүүчүлөргө жумшак жаза берип койгонуна даттанууда. (Өзбекстандан видео)

- Постсоветтик мамлекеттердин тургундары өзүнө жана өлкөсүнө эмнелерди каалашат? Жаңы президент, жакшы жолдор, согуштун аякташы, мол түшүм, коркпоо, жакырчылыкты жеңүү жана өзү менен сыймыктануу (видео)

- Армениядагы баркыт ынкылабынан Өзбекстандагы жашыруун метрого чейин. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түрдүү редакцияларынын эсте калган сүрөттөрү. (Сүрөт баян)

- Кыштоодогу майрам. Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылына караштуу Тегерек-Кырчын кыштоосунда онго жакын үй-бүлө жашайт. Кар жааганда бул кыштоого барчу жол жабылып, беш чакырымдай жолду жөө басып өтүш керек. Жолу татаал, жашоосу катаал бул аймактагылар жаңы жылды кантип тосушат? (Директтен видео)

- Эмнеге кыргыз бала бакчаларында эркек Аяз Аталар жок? (видео)

- Жалал-Абад — Анжиян темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети. (Кыргызстандан видео)

- Дүйнө лидерлери БУУда эмнелери менен эсте калды? Башкы Ассамблеянын 2018-жылдагы эң көрүнүктүү учурлары. (видео Директ)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү (сүрөт баян)

- Борбор Азияда майрамдардын саны боюнча кайсыл өлкө алдыда? (Инфографика)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG