Анын алдында бир нече жарандык активист, каза болгон жигиттин туугандары шаардык ички иштер бишкармалыгынын жетекчилери менен жолугушкан. Алар кылмыш жазагандар жоопко тартылбай калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Чогулгандар менен шаардын акими Эрлан Кошанов жолугушуп, “кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылганга чейин иликтөө уланарын” убада кылды.
1-январга караган түнү Карагандыдагы ресторандардын биринде кардарлардын арасында жаңжал чыккан. Кийинчерээк прокуратура 4 киши бычак жегенин, алардын бири алган жаракатынан көз жумганын маалымдаган.
Полиция тергөө жүрүп жатканын кабарлады. Бийлик жаңжал “улут аралык келишпестиктерден чыккан” деген маалыматтарды төгүндөдү.