Трамп жекшембиде Твиттерге “Биздин аскерлер "Коул" эсминециндеги кол салуудан өлгөн жана жаракат алган каармандардын атынан сот адилеттүүлүгүн отнотушту. Биз бул операцияга кол башчылык кылган Жамал аль-Бадавини өлтүрдүк", - деп жазды. Ал "Аль-Каидага" каршы күрөш уланарын белгиледи.
Бир нече күн мурун америкалык аскерлер шейшембиде Йемендин Мариб провинциясына абадан сокку жасалганын, чабуул аль-Бадабиге багытталганын билдиришкен. Ал ФБР тарабынан түзүлгөн террорчулардын тизмесинде болгон.
"Коул" эсминеци 2000-жылы октябрда Аден портунда кол салууга кабылган. Анын натыйжасында 17 америкалык моряк мерт болгон. Жардыруу үчүн "Аль-Каида" тобу жоопкерчиликти өзүнө алган.
Йемен бийлиги аль-Бадавини 2000-жылы камакка алган, бирок ал 2003-жылы түрмөдөн качып кеткен.
Сот аль-Бадавини терроризм, анан ичинде АКШ жарандарын жана аскер кызматкерлерин өлтүрүүгө күнөөлөгөн. "Коул" эсминецин жардыруу аракетинен тышкары ал АКШ аскердик деңиз күчтөрүнүн кемесине кол салууга катышы бар деп айыпталган.