Маалыматка караганда, өлтүрүлгөн адамдын сөөгү 1-январь эртең менен автобус аялдамасында табылган.
Ал жерге барган полиция кызматкерлери анын өлүмүнө болжолдуу түрдө башына мокок нерсе менен уруу себеп болгонун билдиришти. Мындан тышкары кол салгандар маркумдун капчыгы менен уюлдук телефонун алып кетишкендиктен, аны тоноо максатында өлтүрүшкөнү айтылууда.
Ашхабаддын тургундары акыркы учурларда өлкө борборунда кылмыш көбөйгөнүн билдиришүүдө. Жакында эле шаардын Парахат-7 кичи районунда жаш келин улгайган аялдын көзүнө дезодорант чачып, тоноого аракет кылган.