Ссылки доступа

Голливудда «Алтын глобус» киносыйлыгынын мыктылары аталды


Леди Гага «Алтын глобус» менен (архив сүрөт)
Леди Гага «Алтын глобус» менен (архив сүрөт)

Лос-Анжелесте «Алтын глобус» киносыйлыгын 76-жолу ыйгаруу салтанаты өттү.

Анда «мыкты драмалык тасма» үчүн сыйлыгы Брайын Сингердин «Богем рапсодиясына» ыйгарылды. Тасмада башка ролду аткарган Рами Малек мыкты драмалык актер деп табылды.

«Мыкты режиссер» категориясында мексикалык Альфонсо Куарон сыйланды. Ал тарткан "Рим" тасмасы "чет тилдеги мыкты тасма" номинациясында мыкты деп табылды. Анын бул тасмасы буга чейин «Венеция кинофестивалында «Алтын арстан» сыйлыгын утуп алган.

Кинематографияга сиңирген эмгеги үчүн "Алтын глобус" менен Жефф Бриджес сыйланды. Мыкты драмалык актриса сыйлыгына «Жубай» тасмасындагы ролу үчүн Гленн Клоуз ээ болду.

“Комински ыкмасы” сериалында баш каармандын ролун аткарганы үчүн Майкл Дуглас мыкты комедиялык актер деп табылды. Ушул эле долбоор мыкты комедиялык сериал деп аталды. Ричард Мэдден «Жансакчы» тасмасындагы ролу үчүн сериалдын мыкты драмалык актёру, Сандра О — «Еваны өлтүрүү» сериалындагы эмгеги үчүн мыкты актриса сыйлыгын алышты.

Буга чейин «Ла-ла-ленд» эмгеги үчүн «Алтын глобус» алган америкалык композитор Жастин Гурвиц «Айдагы алгачкы адам» тасмасындагы музыкасы үчүн кайрадан эле ушул сыйлыкка ээ болду.

Мыкты саундтрект сыйлыгын «Жылдыз төрөлдү» тасмасындагы Shallow ыры үчүн Леди Гага алды.

"Алтын глобус" - Кино боюнча басма сөздүн эл аралык ассоциациясы тарабынан 1944-жылдан бери 25 номинация боюнча ыйгарылып келген америкалык сыйлык.

XS
SM
MD
LG