Ссылки доступа

Бишкекте 300дөй адам мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыкты


Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда.

Бул тууралуу "Азаттыктын" митингди чагылдырып жүргөн кабарчысы билдирди.

Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.

Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.

Буга чейин "WatsApp" аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап келген. Бирок "Кыргыз чоролору" аталган митингге тиешеси жок экенин билдирген.

7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди.

XS
SM
MD
LG