Ссылки доступа

Өкмөттүн өкүлү аралашкан буудай чыры (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Өкмөттүн өкүлү аралашкан буудай чыры Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаевге караштуу “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учурады. Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай турат. Кабарчыбыз өкмөт өкүлүнүн ишмердигин иликтеп жүрүп, Калмурзаевдин менчик мейманканасында орун алган терс жоруктарга да күбө болгон.

- Мыйзамсыз миграцияга каршы митинг өттү Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышты. 7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди.

- Габондогу орундалбай калган төңкөрүш аракети (видео)

- Алма-Атада дүйнөдөгү эң бийик жыгач храмдардын бирин рестоврациялоо жыйынтыкталууда (видео Директ)

- Тажикстан түштүгүндө Магнитогорскто мерт болгон жарандардын сөөгү жерге берилди (сүрөт баян)

- Кыргызстанда 25 жыл мурда өзүнүн Парижи пайда болгон (видео Директ)

- "Чыдамдуу болгула». Карагандыдагы нааразылык акциясы. 6-январда Караганды шаарында жүздөгөн киши көчөгө чыгып, жаңы жыл түнүндө ресторандагы жапырт мушташтан каза болгон жигиттин өлүмү боюнча бийлик органдарынан түшүндүрмө талап кылышты. (видео)

- Тажикстанда белгилүү укук коргоочу Файзинисо Вохидованын сөөгү жерге берилди (сүрөт баян)

- Кыргызстандагы Париж. Кыргызстандыктар Парижге баруу үчүн Шенген визасын алып, авиабилет үчүн акча коротушпайт. Өлкөдө 25 жыл мурун өзүнүн Парижи пайда болгон. Кичинекей соода жайы борбордон 150 чакырым аралыктагы Бишкек-Ош трассасында жайгашкан. (Настоящее время)

- Бишкектеги аял айдоочулар иштеген такси кызматы. Бишкектеги «Ухти» деген такси кызматы аялдар үчүн гана иштейт. Азырынча анда 10 гана айдоочусу бар. Алар түнкүсүн иштешпейт. (видео Директ)

- Душанбеде үйдүн чатыры урап, үч балалуу аял эвакуацияланды (видео)

- Украинадагы президенттик шайлоо: эң көп талкууланган талапкер – Владимир Зеленский (видео)

- Самаркандда 35 жаштагы аялды фермердин туугандары сабаган. Ал сот аны сабаган иш берүүчүлөргө жумшак жаза берип койгонуна даттанууда. (Өзбекстандан видео)

- Белгисиз Орусия: Анадырь шаары. Анадырь – Чукотканын борбору жана Орусиянын эң чыгыш бөлүгүндө жайгашкан шаар. Мында Арктикадан катуу шамал согуп турат. Нымдуулуктан улам 20 градустук суук 40 градустагыдай сезилет. Декабрда болсо күндүн узактыгы болгону төрт гана саатты түзөт. (видео Директ)

- Постсоветтик өлкөлөрдө ким көп эс алат? (Инфографика)

- Орусияда акыркы он жыл ичинде газ жарылган учурлар (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG