Өз булактардын билдиришинче, отурум Ташкенттин Юнусабад райондук сотунда башталды.
«Сот жабык өтүп жаткандыктан, отурумга канча айыпталуучу алынып келингенин так билбейм. Сот башталганга чейин имаратка тез жардам унаасы дагы келди. Аны менен ИИМ госпиталында жаткан Ташкент шаардык прокурорунун мурдагы орун басары Мираглам Мирзаев жетирилген болушу мүмкүн», — деп билдирди булактардын бири.
Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 67 жаштагы Рашид Кадыров былтыр 22-февралда кармалган.
Июнда өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул иштин алкагында жалпысынан 24 киши камалганын, алардын көбү мурдагы прокурор кызматкерлери экенин билдирген.