Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү адвокат Файзинисо Вохидованын өлүмүнүн себеби айтылды


Файзинисо Вохидова. Архив сүрөт
Файзинисо Вохидова. Архив сүрөт

Белгилүү тажик адвокаты Файзинисо Вохидова боордун цирроз дартынан улам каза болгон. Бул тууралуу Хоженд шаардык ооркуканасынын дарыгери Хуршед Окилов билдирди.

Анын айтымында, адвокат боор церрозу күчөп, ички кан агуудан улам көз жумган.

«Цирроздон улам пайда болгон жара кан айланууга тоскоолдук кылып, боордогу кан тамырлардын басымын жогорулатат. Мындан улам кан тамырлар кеңейип, боордун айланасынан кан чыга баштайт», — деди Окилов.

Ал кошумчалагандай, Файзинисо Вохидова мындан тышкары көп жылдардан бери гепатит В дарты менен жабыркап, бирок дарыланбай келген.

Адвокаттын гепатит В менен жабыркаганын анын келини Тахмина Рахимова дагы ырастады.

Файзинисо Вохидова 4-январда Бобожонгафур райондук ооруканасында көз жумган. Ал ооруканага 10 күн мурда пневмония диагнозу менен жеткирилип, реанимация бөлүмүндө жаткан.

Москва мамлекеттик университеттин юридика факультетин аяктаган Файзинисо Вохидова 1995-жылдан бери адвокат болуп иштеп келген. Ал бийликтин саясий каршылаштарына, журналистерге жана кыйноолордун курмандыктарына юридикалык жардам көрсөтүп келген Тажикстандагы акыркы укук коргоочулардын бири болгон. Мындан тышкары өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди ачык сындап, социалдык түйүндөргө саясий мүнөздөгү билдирүүлөрдү жарыялап келген.

XS
SM
MD
LG