Ссылки доступа

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш провинциясында 21 аскер кызматкери өлтүрүлдү


Алдын ала маалыматтарга караганда, “Талибан” кыймылынын жоочулары Ооганстандын батышындагы коопсуздук бекеттерине кол салышкан. Анын кесепетинен 21 полиция кызматкери менен элдик кошуун өкүлдөрү мерт болгон.

Чабуул 6-январь күнү кечинде Түркмөнстан менен чектеш Багдис провинциясынын эки башка көзөмөл өткөрмө бекетинде катталган.

Бадгис провинциялык кеңешинин башчысы Абдул Азиз Бектин айтымында, 14 полиция кызматкери жана 7 элдик кошуунчу өлтүрүлгөн, 9у жаракат алган.

Бадгис провинциясынын губернатору Жамшид Шахаби согуштук аракеттер учурунда “Талибан” кыймылынын кеминде 15 жоочусу жок кылынганын билдирди.

Кол салуу үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

Бул арада талиптердин өкүлү Кари Юсуф Ахмади билдирүү жасап, жоочулар коопсуздук күчтөрүнүн 34 кызматкерин өлтүргөнүн, көптөгөн курал-жарак, ок-дары алып кетишкенин маалымдады.

Буга удаалаш Пактика провинцисынын чыгышында жардыруу болуп, беш карапайым жаран мерт болду, жетөө ар түрдүү жаракат алды.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул үчүн талиптерди айыптоодо.

XS
SM
MD
LG