Ссылки доступа

Тажикстан: четтен диний билим алгандар милиция көзөмөлүнө алынат


Тажикстан бийлиги чет өлкөдө диний окуу жайлардан билим алып келген студенттерди жарым жылда бир, жашаган жери боюнча милициянын каттоосунан өтүп турууга милдеттендирди.

Гиссар шаарынын 32 жаштагы тургуну Дилшод мындан ары жылына эки жолу милицияга барып турууга аргасыз. “Негизинен милиция кызматкерлери алдын ала чалышат же чакыруу жөнөтүшөт. Биз райондук ички иштер бөлүмүнө фотокарточка жана жашаган жерибиз тууралуу айылдык кеңештен маалым кат алып барышыбыз керек. Милиция кызматкерлери ислам жогорку окуу жайларында же медреселеринде эмне окуганыбызды сурашат. Андан соң азыркы тапта кандай иш менен алектенип жүргөнүбүздү, кимдер менен дос экенибизди суракка алышат”, - деди Дилшот.

Ал Египетте 9 ай арап тилин үйрөнүп, бирок тажик бийлигинин чакыруусу менен жогорку окуу жайга тапшырбай, мекенине кайтып келген.

Чет өлкө медреселеринде жана жогорку окуу жайларында окугандарды кайтаруу кампаниясы 2010-жылы башталган. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон чет өлкөдө алар “молдо эмес эле террорист болуп кетет” деп билдирген. Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети Йемен, Сирия, Египет, Пакистан, Ооганстан, Ирак жана Иранда мыйзамсыз диний билим алып жүргөн үч миңден ашуун жаран мекенине кайтарылганын кабарлаган.

Тажикистан ИИМинин маалыматы боюнча учурда чет өлкөдө мыйзамсыз диний билим алып жүргөндөрдүн саны 289 кишини түзөт. 2018-жылдын тогуз айында 68 студент мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG