Григорян ресторандагы мушташтан каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылары жаңжалга “улут аралык боёк сүртүүдөн оолак болуунун” жана окуяны ар тараптуу, калыс иликтөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жаңы жыл түнү Карагандыдагы ресторандардын биринде мушташ чыгып, 23 жаштагы жигит өлгөн. Дагы үчөө бычактан жаракат алган.
Прокуратура “Киши өлтүрүү”, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Расмий маалыматтар боюнча бул окуяга катышы бар делген сегиз киши камакка алынды. Тогузунчу шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды.