Ссылки доступа

Түркмөнстанда нан сатып алуу үчүн кезек күткөндөр кайрадан көбөйдү


Ашхабаддагы азык-түлүк дүкөнүнүн текчеси (архив сүрөт)
Ашхабаддагы азык-түлүк дүкөнүнүн текчеси (архив сүрөт)

Жаңы жылдык майрамдар аяктагандан кийин Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында нанга кезек күткөндөр кайрадан көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

«Лебап жана Мары облустарындагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөндөрүнүн алдында кайрадан кезек күткөн адамдар жыйналууда. Мындан тышкары накталай акча алуу үчүн банкоматтардын алдында дагы адамдар көп топтолууда», — деп жазды басылма.

Түркмөнстанда дээрлик бир жарым жылдан бери ун менен нан тартыштыгы өкүм сүрүүдө. Мамлекеттик дүкөндөрдө азык-түлүк чектелген санда сатылып, кезек күткөндөр көп жыйналууда. Базарлар менен жеке дүкөндөрдө болсо баалар кескин жогорулап жатат.

Мамлекеттик дүкөндөрдө нан менен ундун баасы жеке дүкөндөргө салыштырмалуу 5-6 эсеге арзан сатылат. Өлкөдө бир килограмм ундун мамлекет тарабынан белгиленген баасы 2 манатты түзөт.

XS
SM
MD
LG