Ссылки доступа

Тажикстанда оффшор компаниялар ээлери тууралуу маалыматтарды ачык көрсөтүүгө милдеттендирилди


Тажикстанда каттоого туруп жаткан ишканалар менен компаниялар (анын ичинде оффшор компаниялар дагы) өз ээлери тууралуу маалыматтарды ачык көрсөтүүгө милдеттендирилди. «Юридикалык жактар менен жеке ишкерлерди каттоо тууралуу» мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр 7-январда күчүнө кирди.

Буга чейин Тажикстандагы жеке компаниялар менен ишканалардын ээлери оффшор компаниялардын же жалган адамдардын ысымдарынын артына жашырынууга аракет кылып келишкен. Мындан улам бийлик айрым учурларда тигил же бул компаниянын чыныгы ээсинин ким экенин билбей келген.

Өлкөнүн Салык кызматынын юридика бөлүмүнүн башчысы Мэлс Меликов мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жаңы түзүлгөн компанияларга гана тиешелүү экенин билдирди. «Өзгөртүүлөр буга чейинки мыйзамдардын негизинде каттоого алынган компанияларга тиешелүү болбойт. Жаңы түзүлгөндөрү гана каттоого туруп жатканда чыныгы ээси тууралуу маалыматтарды ачык көрсөтүшү керек», — деди ал.

Аталган мыйзамдын 11-беренесине ылайык, мындан ары ишканалар түзүүчүсү жана ээси тууралуу маалыматтарды бийликке бериши керек. Болбосо ишкана салык органында каттоого алынбайт.

Тажик бийлиги оффшор компаниялар, алардын чыныгы ээлери жана өлкөдөн чыгарып кеткен каражаттын көлөмү тууралуу маалыматтарды жашырып келет. Бирок 2013-жылдын аягында Tax Justice Network изилдөө борбору Тажикстандын оффшор аймактарындагы каражаттарынын болжолдуу көлөмү 2,5 миллиард доллардан 3,5 миллиард долларга чейин жете турганын билдирген.

Ири оффшор аймактары Швейцария, Люксембург, Британия, Америка жана Сингапур өлкөлөрүндө жайгашкан. Жалпысынан дүйнө боюнча 70 оффшор аймагы бар, алар түрдүү жолдор менен салыктарды кыйгап өтүүгө мүмкүндүктөрдү беришет.

XS
SM
MD
LG