Маалыматка караганда, кармалган адам Хатлон облусунун Сарбанд шаарчасынын 24 жаштагы тургуну Мухаммад Давлатализода. Ал 2015-жылдан бери жалданмачылык айыбы менен эл аралык издөөдө жүргөн.
10-январда Давлатализоданын апасы Мехри Курбонова уулу Тажикстан ислам университетинин студенти болуп, 2014-жылы окуусун Египетте улантууну чечкенин билдирди. Кийин анын Иракка барып, жоочулар тарапта согуштарга катышып жүргөнү белгилүү болгон.
Сириядагы күрт отряддары Абу Мусааба Точики (Мухаммад Давлатализода) аттуу ИМ тобунун согушкери кармалганын 9-январда билдиришкен. Анда тажик жараны менен бирге Өзбекстандын эки, Казакстандын, Орусиянын, АКШнын, Германиянын жана Украинанын бирден жарандары кармалганы айтылган.
Тажик бийлигинин былтыр сентябрдагы маалыматына ылайык, өлкөнүн 1900 жараны Сирия менен Иракка барып, ИМ тобунун катарына кошулуп кетишкен.