Ссылки доступа

Экс-президент Атамбаев Индияга барбай калды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Индияга барбай калды. Ал кыска мөөнөттүк эс алуусун кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Фейсбук" баракчасына жазып, мында саясат жок экенин белгилеген.

Буга чейинки маалыматка караганда, экс-президент үй-бүлөсү менен 11-январда Индияга эс алууга жол тартмак.

Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө кеткени жатканын, бирок бийлик аны чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Жолдубаева буга негиз жок экенин айткан болчу.

Ушул эле күнү 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү, өлкөдөн чыгып кеткен Надира Сатыгул кызы Индияда экени, анын убактылуу өлкөдөн чыгып кетишин экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG