Ссылки доступа

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди


Үрүмчү институтундагы студенттер. 3-январь, 2019-жыл
Үрүмчү институтундагы студенттер. 3-январь, 2019-жыл

Кытайдын Шинжаң аймагына барып келген казак элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазов андагы саясий кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу айтып берди.

«Ал жактагы студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кытай бийлиги өз жарандарына жакшы кам көрө турганынан кабар берип турат. Анда аларга жаңы кесиптерге үйрөнүүгө бардык шарттар каралган», — деди Кабазиев Кытайдын CCTV телеканалына берген интервьюсунда.

Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев CCTV телеканалына интервью берүүдө.
Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев CCTV телеканалына интервью берүүдө.

Малайзиянын Кытайдагы элчилигинин өкүлү Мохаммед Хосни Шахиран Исмаил Шинжаңдагы лагерлер тууралуу ЖМКлардан окуп, аларды таптакыр башкача элестеткенин айтты. «Азыр бул борбордогу чыныгы жашоону көрдүм», — деди ал.

"Мында жайлуу, жакшы". 12 дипломаттын Шинжаңга сапары

«Здесь комфортно и хорошо». Вояж 12 дипломатов в Синьцзян
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Ооганстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Саид Хабибурахман Хусинпур Шинжаңга баргандан кийин андагы лагерлер тууралуу пикири толук өзгөргөнүн билдирди. «Бул сапарга чейин мен көптөгөн кептерди уккам. Бирок абал таптакыр башкача экен. Борборлордо чынында эле баары жакшы. Анда тарбияланып жаткандар көптөгөн нерселерге үйрөнүшөт экен», — деди ал.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Шинжаңга барган 12 өлкөнүн дипломаттары аймактагы базарларда, мечиттерде жана окуу жайларда болуп кайтышкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги казак дипломаттары аталган аймактагы лагерлерге барып келишкенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров элчилик кызматкери Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларында болуп, Шинжаң өкмөт башчысы Шохрат Закир менен жолукканын билдирди.

Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев «саясий кайра тарбиялоо лагеринде».
Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев «саясий кайра тарбиялоо лагеринде».

Кытай Шинжаңга Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырган эмес.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму дипломаттардын бул сапарынан кийин атайын билдирүү таратты. Анда алар кытай бийлиги тарабынан уюштурулган сапарды «катуу көзөмөлдөнгөн сапар» деп аташкан.

Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы апрелде пайда болгон. Анда азчылыкты түзгөн казак жана уйгур улутундагы адамдар туугандары кармалып, алар менен байланыша албай калышканын билдиришкен. Көп өтпөй эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Кытайда азчылыкты түзгөн улуттар кысымга кабылып жатышканын билдире башташкан.

«Песни, танцы, смех». Китай организовал визит СМИ в «лагеря»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Былтыр августта БУУ «ишенимдүү булактардын» маалыматы боюнча «кайра тарбиялоо лагерлери» деп аталган Шинжаңдагы борборлордо миллиондон ашык аз улут өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар күч менен кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирген. Эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Пекинге кайрылып, өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүнү өтүнүшкөн. 7-январда Кытай ТИМи эгер «бардык эрежелер» сактала турган болсо, анда бийлик БУУнун өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин Кытай бийлиги мындай борборлордун бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Шинжаңдагы туугандарын куткаруу тууралуу дагы бир өтүнүч:

Еще одна просьба спасти родных в Синьцзяне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Шинжаңдагы кармоолор тууралуу Кытайдагы казактардын жаңы билдирүүлөрү:

Новые заявления казахов из Китая о задержаниях в Синьцзяне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG