Бирок тургундар көрүстөндүн жанында жайгашкан мечиттин имаратында жашоодон коркуп жаткандыктарын билдиришүүдө.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өткөн кылымдын 90-жылдарында мечит катары курулган эки имарат мамлекеттик программанын алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
– Эгер адамдар өз ишенимдеринен улам оңдолгон имараттарда жашоону каалашпаса, анда аларга башка турак-жай берүүгө даярбыз. 9-январда биздин кызматкерлер авариялык үйдө жашаган тургундар менен жолугуп, алар бул имаратта жашай албай тургандыктарын түшүндүрүп келишкен», — деди райондук акимчиликтин кызматкерлеринин бири.