Ссылки доступа

Хорогдогу ок атуу иликтенүүдө


Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун прокуратурасы жергиликтүү тургунга ок атуу фактысын иликтей баштады. Окуя 13-январда болгон.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, Хорог шаарынын тургундары менен ОМОН кызматкерлери кагылышып, күч түзүм өкүлдөрү пневматикалык курал колдонушкан. Жергиликтүү тургундардын бири жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда “тартип сакчыларын коркутту делген” кишилерге карата териштирүү иштери башталды.

Наврас Худоёровдун атасы Ифтихор Худоёров ОМОН менен кагылышуу учурунда баласы жаракат алып, ооруканага жатканын тастыктады:

- Биз автоунаа менен жогору жакты көздөй баратканбыз, капыстан эле алдыбызда “омончулардын” машинеси пайда болду. Жол кууш болчу, эч ким жол берүүнү каалаган жок. Урушуп кеттик. “Омончулар” машинебизди токтотуп, документтерди талап кылышты. Документтерди алган соң аларды арткы орундукка ыргытып, баламды кармоого аракет жасашты. Наврас сүйлөшүүнү сунуштады, бирок милиция кызматкерлери пневматикалык пистолеттен ок атышты.

Ифтихор Худоёров –милициянын мурдагы кызматкери, ал азыр Хорогдогу банктардын биринде иштейт.

Хорог шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Саидбек Давлатбеков жаракат алган Наврас Худоровдун абалы дурус экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG