Ссылки доступа

Алматыдагы Баум токою өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын катарынан чыгарылды


Казак өкмөтү Алматыдагы Баум токоюн мамлекеттик маанидеги корголгон аймактардын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкмөттүн 14-январда жарыяланган токтому менен Алматы акимчилигине Баум токоюн жергиликтүү маанидеги мамлекеттик жаратылыш фондунун объектилеринин катарына киргизүү тапшырмасы берилген.

Акимчиликтен бул чара мындан ары жашыл фонддун аймагын сактоо жана ага кам көрүү иштерин шаар бюджетинен каржылоого мүмкүн болорун билдиришти.

Расмий маалыматтар боюнча токойдун жалпы аянты 130 гектарды түзөт. Токой 19-кылымдын аягынан 1921-жылга чейин азыркы Алматы шаарында жашаган окумуштуу Эдуард Баумдун атынан аталган.

Видео

Видео

ПИН номурдан чыккан чыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG