Ссылки доступа

Британия парламенти Тереза Мэйге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Британ оппозициялык партиясынын лидери Жереми Корбин парламентке өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун киргизди.

Добуш берүү шаршемби күнү кечинде өтөт. Премьер-министр Тереза Мэйди отставка коркунучу күтүүдө. Былтыр декабрда консервативдик партиянын ичинде Мэйге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү болгон. Ал зорго жеңип чыккан.

Британиянын парламенти шейшембиде кечинде өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусу боюнча Брюсселде жетишилген келишимге каршы добуш берди. Премьер-министр Тереза Мэй Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилери менен жетишкен макулдашууда Британиянын Еврошаркеттен чыгуусунун жол-жоболору камтылган. Документке британ парламентинин 432 депутаты каршы добуш берип, 202си макул болду.

Өткөн шейшембидеги добуш берүү Британия өкмөтүнүн парламенттеги акыркы 95 жылдагы эң ири жеңилүүсү болуп калды.

Тереза Мэй анын стратегиясынан баш тартуу Брекзиттен баш тартууга алып келерин же Британия ЕБдан эч кандай келишимсиз чыгып кетишин мүмкүн экенин айтууда. “Катаал Брекзиттин” айынан Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасынын ортосунда чек ара жана бажы инфраструктурасы пайда болушу ыктымал.

Британ парламентиндеги саясий күчтөр Евробиримдиктен чыгуу боюнча жаңы келишимди макулдаша албаса, 29-мартта өлкө эч кандай макулдашуусуз бир тараптуу чыгып калышы ыктымал. Андай кадамдын экономикалык кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн экенин эксперттер эскертип келатышат.

XS
SM
MD
LG