Ссылки доступа

Каримовдун тушунда Өзбекстандан чыгып кеткен ишкер мекенине кайтып келди (видео)


Өзбекстандагы алгачкы жеке банктардын бири эсептелген «Алп Жамол Банктын» ээси Мухиддин Асомутдинов өткөн жумада Ташкентке кайтып келди. Ишкер 2010-жылы бийликтин кысымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мухиддин Асомутдиновдун туугандарынын айтымында, ал акыркы тогуз жылдан бери Казакстандын Алматы жана Астана шаарларында жашап, ишкерлик менен алектенип жүргөн. Алар ошондой эле ишкер Өзбекстанга бийликтин уруксаты менен кайтып келгенин кошумчалашты. Учурда Асомутдинов Ташкенттеги ооруканалардын биринде дарыланууда.

2009-жылы декабрда Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов Конституция күнүндө сүйлөп жатып, өлкөдө өтө бай жана өтө жакыр адамдар болбошу керектигин айткан. Мамлекет башчынын бул сөзүнөн кийин ири ишкерлер камакка алынып, көптөгөн жеке компаниялардын мүлктөрү мамлекеттин карамагына алына баштаган.

2010-жылы мартта Өзбекстандын Борбордук банкы «Алп Жамол Банктын» лиценциясын чакыртып алып, 10-мартта анын бардык өкүлчүлүктөрү ишин токтоткон. Банк жетекчилигине «Борбордук банк тууралуу» мыйзамдын 53чү жана «Банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу» мыйзамдын 14-беренеси боюнча айып тагылган. Мындан улам Мухиддин Асомутдинов Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

2011-жылдын мартында Ташкенттин Олмазар райондук сотунун чечими менен «Алп Жамол Банктын» бардык мүлкү конфискацияланган.

XS
SM
MD
LG