Ссылки доступа

Өзбекстан ID-картага өтүүнү 2021-жылга калтырды


Өзбекстандын жалпы жарандык паспорту
Өзбекстандын жалпы жарандык паспорту

Өзбекстан жалпы жарандык паспорттордун ордуна идентификациялык карталарды (ID-карта) 2021-жылдан тарта киргизе баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Өзбек өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик персоналдаштыруу борборунун директору Нажмиддин Тураходжаевдин билдиришинче, ага чейин өлкөдө тиешелүү инфраструктураны даярдоо иштери жүрөт.

«Азыр биз технологиялык процесстердин бүтүндөй бир чынжырчасын иштеп чыгып жатабыз. Мындан тышкары бул тармакта иштей турган мамлекеттик органдарды даярдайбыз. Мүмкүнчүлүккө жараша акырындык менен долбоорду ишке ашырабыз», — деди Тураходжаев.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев былтыр апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, идентификациялык карталар тесттик режимде Ташкенттин Юнусабад районунда 2018-жылдын 1-ноябрынан тарта киргизиле башташы керек болчу.

XS
SM
MD
LG