Ссылки доступа

Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция өттү


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына "Супер инфо" гезити менен "Next TV" телеканалынын журналисттери пикетке чыгышты.

Алардын колдорунда "Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын", "Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!" деген чакырыктар жазылган плакаттар бар.

17-январда милиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы акцияга чыккандардын айрымдарын кармап кеткен. Алардын арасында "Next TV" телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов да болгон. Ал митингди түз көрсөтүп жаткан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тартип сакчылары анын журналист экенин билбегенин, башкармалыкка алып барылгандан кийин коё берилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG