Ссылки доступа

Эл аралык донорлор Тажикстандын бюджеттик программасын колдоону токтотушту


Архивное фото
Архивное фото

Эл аралык каржы институттары өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоону токтотушту.

Мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзамда Тажикстан 2018-жылы Дүйнөлүк банктан жана Азия өнүктүрүү банкынан 200 миллиондон ашык сомони (21 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө жеңилдетилген насыя менен грант алары болжолдонгон.

Дүйнөлүк банктын Тажикстандагы экономикалык абал туурасындагы жаңы баяндамасында өкмөт Эл аралык валюта фонду менен тиешелүү келишим түзгөнгө чейин бардык өнөктөштөр бюджеттик программаны ишке ашырууну кийинкиге жылдырганы айтылат.

Баяндамада келишимдин шарттары тууралуу кеп болгон эмес, бирок буга чейин тажик бийлиги бюджетти колдоо программаларын жандандыруу боюнча Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында бюджеттин ачык-айкындуулугу жана салык мыйзамдары так сакталбай жатканы белгиленген.

XS
SM
MD
LG