Бул демилгени бир жыл мурда эле “Тажикфильм” киностудиясы сунуштаган. “Тажикфильмдин” жаңы уставында кинотасмалардагы адеп-ахлактуулукту коргоо жөнүндөгү атайын пункт өкмөт тарабынан колдоо тапты. Ага ылайык, киностудия көркөм тасмаларды гана жаратпастан, жергиликтүү жана чет элдик фильмдердеги уяттуу көрүнүштөрдүн алынып салынышын көзөмөлдөйт.
Тажик режиссеру Искандар Усмон бул демилге интеллектуалдык жеке менчик жөнүндө мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт. Анын айтымында, бул аракеттерден майнап чыкпайт:
– Совет доорунда ушундай чараларды кабыл алуу мүмкүн эле, азыр болсо Интернетте көптөгөн ачык фильмдер бар.