Компаниянын басма сөз катчысы Далер Абдулло мындай чечим кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, жолдун айрым бөлүктөрүндө кардын калыңдыгы 75 сантиметрге чейин жеткен.
Душанбе-Чанак унаа жолу Согди облусун өлкөнүн борбору менен байланыштырып турат.
Өткөн аптада Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы кар көчкүдөн жергиликтүү үч тургун мерт болгон. Мындан тышкары дагы эки киши Согди облусундагы кар көчкүнүн астында калган.