Ар бир цехте чоподон жасалган буюмдарды бышыра турган экиден меш бар жана онго чейин киши иштейт. Учурда алардын көбү убактылуу иштебей турат. Бул маалыматты "Хунарманд" ("Кол өнөрчүлүк") ассоциациясы тастыктады.
Риштандык блогер Дима Каюм Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул аймактагы өнөр жай зонасы 10 жыл мурун курулган:
– Жергиликтүү ишкерлер 33 гектар аянтта чоподон идиш аяк жасашат... Өзүңөр билесиңер, Риштандын керамикасы дүйнө жүзүнө таанымал. Продукциясы бүткүл дүйнөгө экспорттолот. Улуттук керамика мектебин уланткан усталардын көйгөйү – баягы эле газ!
Блогердин айтымында, бир нече жылдан бери керамика өнөрканалырына кышкысын газ берилбейт. 200дөн ашуун ишкер жана 5000ден ашуун киши ишсиз калат.
Риштан районунун администрация өкүлү Баходир Камбаров аймакка жакында калк үчүн гана газ бериле баштаганын билдирди.