Ссылки доступа

Тажикстанда президенттике ат салышууну каалаган кишиге дарыгерге көрүнүү кеңешин беришти


Кувватали Муродов
Кувватали Муродов

Тажикстан Элдик фронтунун мурдагы мүчөсү Кувватали Муродов 2020-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Анын бул чечимин айрымдар кескин сынга алса, кээ бири олуттуу карашкан жок.

Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борборунун өкүлдөрү Мурадовго медициналык кароодон өтүү кеңешин берген үч материал жарыялашты.

Кувватали Муродов өткөн аптада 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген. Ал жетиштүү добуш топтой албай калышы ыктымал экенин, бирок демократиялык принциптер боюнча шайлоого катышууга укугу бар экенин айткан. Муродов теңчиликти сактоо үчүн кол топтоо санын азайтууну сунуштаган.

Учурда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү үчүн шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушу керек, бул болжол менен 210 миң кишинин колуна барабар.

Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров эч ким азыркы президент Эмомали Рахмонго тең келе албайт деп эсептейт.

2020-жылы Тажикстандын азыркы президенти Эмомали Рахмондун жети жылдык экинчи мөөнөтү аяктайт.

XS
SM
MD
LG