Ссылки доступа

Украина КМШда кол коюлган үч макулдашуудан чыкты


Украинанын министрлер кабинети КМШнын алкагында экономикалык кызматташуу боюнча кол коюлган үч макулдашууну (Экономикалык маалымат алмашуу жөнүндө, тышкы экономикалык имшердүүлүк жаатында маалымат алмашуу жөнүндө, тышкы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууларды) токтотууну чечти.

1992-1993-жылдары Минск менен Москвада кол коюлган эки макулдашуу «КМШнын курамындагы мамлекеттердин ортосунда экономикалык маалыматты жана социалдык-экономикалык абалды көрсөткөн статистикалык сандарды алмашууну жөнгө салууну” караштырат.

Тышкы экономикалык алакаларды жөнгө салуу жөнүндө үчүнчү келишимге 1992-жылы Ташкентте кол коюлган.

Украин өкмөтүнүн чечимине ылайык, Тышкы иштер министрлиги чукул арада КМШнын аткаруу комитетине жогорудагы макулдашуулар токтотулганын расмий билдириши керек.

2018-жылдын декабрында Украин бийлиги "Орусия менен достук жана кызматташтык жөнүндө" макулдашууну токтоткон.

Украин президенти Петро Порошенко былтыр май айында КМШнын аймактык түзүмдөрүндөгү бардык өкүлдөрдүн чакыртып алуу тууралуу буйрукка кол койгон жана бул чечимди өлкөнүн Европага интергациялашууга багыт алганы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG