Ссылки доступа

Трамптын Конгрессте баяндама жасоосуна уруксат берилген жок


Нэнси Пелоси менен Дональд Трамп (фотомонтаж)

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ак үйгө кат жазып, президент Дональд Трамп кийинки жумада өлкөдөгү абал тууралуу Конгрессте баяндама жасай албай турганын билдирди.

Буга чейин «шатдаунга» байланыштуу парламенттеги сөзүн кийинкиге жылдыруу тууралуу Пелосинин өтүнүчүнө карабастан, Трамп Конгрессте баяндама жасай турганын айткан.

Өз катында спикер Өкүлдөр палатасы федералдык өкмөттүн иши толук калабына келмейинче президенттин Конгрессте сүйлөөсүнө уруксат бере турган резолюцияны карабай турганын жазган.

Жооп катары Дональд Трамп өлкөдөгү абал тууралуу баяндама жасоого «альтернативдүү чечим» таба турганын белгилеп, Конгрессте мамлекеттик кызматтардын иши калыбына келгенден кийин сүйлөй турганын айтты. Ал спикер «чындыкты уккусу келбегендиктен» ушундай «уяттуу» чечим кабыл алганын кошумчалады.

Трамп Конгресстеги кайрылуусуна альтернатива катары Вашингтондон башка жерде сүйлөшү мүмкүн.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG