Ссылки доступа

Иштеген үй кожойкелери - Тажикстандагы жаңы тренд (видео)


Акыркы кездери Тажикстанда үйдөн чыкпай акча иштеп тапкан үй кожойкелеринин саны көбөйүүдө.

Айрымдары атайын курстарга барып, үйүндө косметологиялык кызматтарды көрсөтүшсө, башкалары буйрутма менен тамак даярдап, кийим тигүү менен алек.

Работающая домохозяйка - новый тренд в Таджикистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Душанбенин 27 жаштагы тургуну, эки баланын апасы Лолита Холматова атайын буйрутма менен чүчпара даярдап сатат. «Алгач кайненем экөөбүз улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча курстарды берип иштечүбүз. Ошол жактан биздин чүчпараларды жактырып, буйрутма бере башташты. Кийин буйрутма бергендердин саны көбөйдү», — дейт Лолита.

Анын айтымында, күнүнө кайненеси экөө биригип 1,5 миңге чейин чүчпара даярдашат. Алардын 140 даанасын 50 сомониден (5 доллардан ашык) сатышат. ​Лолита түшкөн акча өздөрүнө жана үйгө зарыл болгон нерселерди сатып алууга жете турганын кошумчалады.

Душанбенин 27 жаштагы дагы бир тургуну Камила Рахматова бир жарым жылдан бери үйдөн чыкпастан кыздардын кирпигин өстүрүү менен алектенет. Анын айтымында, бир күндө ал төрт кызга кызмат көрсөтө алат.

Тажикстандык үй кожойкелеринин көбү онлайн-дүкөндөрдү ачып, социалдык баракчаларды башкаруу боюнча кызматтарды сунуштап, же тексттерди текшерүү менен Интернет аркылуу акча иштеп табууну үйрөнүшкөн. Адистердин айтымында, бул үй кожойкелерине материалдык жактан көз карандысыз болуп, жаңы тааныштарды таап, ошол эле маалда үй-бүлөсүнө жетиштүү деңгээлде көңүл буруусуна жол ачууда.

XS
SM
MD
LG