Ссылки доступа

2010-жылдан бери Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн саны алты эсеге көбөйгөн


Акыркы жылдары өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылга салыштырганда, өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны дээрлик алты эсеге көбөйгөн.

«Эгер 2010-2011-жылдары келген чет өлкөлүктөрдүн орточо саны 70 миңдин айланасында болсо, былтыр биздин системаларда 450 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Бул тизмеде визасыз режим киргизүү тууралуу мыйзамдын негизинде виза алуудан жана каттоого туруудан бошотулган адамдар жок», — деди Шаикова.

Статистикага ылайык, Кыргызстанга кирүү үчүн виза талап кылынбаган 45 өлкөнүн ичинен баарынан да Түштүк Корея, АКШ жана Германия жарандары көп келишкен.

XS
SM
MD
LG