Халилзаддын белгилешинче, талибдер менен келишимге кол коюлган жок, бирок ал жакында ишке ашат. “Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик” деди атайын чабарман.
Reuters агенттиги өз булагына таянып, АКШ менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү америкалык аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүүнү макулдашканын кабарлады. Сүйлөшүүнүн катышуучулары тынчтык макулдашуусунун алгачкы вариантын түзүшкөнү дагы белгилүү болду.
Мамлекеттик департамент Доха шаарында Халилзад “Талибандын" өкүлдөрү менен кездешкенин өткөн аптада билдирди. Тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын “мекеме аралык тобу” да катышып жатканын айткан.
“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин 21-январдан бери Дохада сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастаган.
Акыркы маалыматка караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат.