Ссылки доступа

Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасын уурдоого шектелген адам кармалды


Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин "Ай-Петри. Крым" сүрөтүн уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 31 жаштагы шектүү Москва облусундагы Заречье айылында кармалды. Колго түшкөндөн кийин сүрөттү кайсыл жерге катып койгонун айтып, ал полиция кызматкерлери тарабынан табылды», — деп билдирди мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк.

Кечээ белгисиз киши өзүн музейдин кызматкери катары көрсөтүп, Куинжинин "Ай-Петри. Крым" сүрөтүн алкактан чыгарып алып кеткени кабарланган. Ал маалда музейдин күзөт кызматы штаттык режимде иштеп жаткан.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы орус сүрөтчүсү Куинжинин Третьяков галереясындагы көргөзмөсү 27-январда ачылган. Ага сүрөтчүнүн 180ден ашык эмгеги коюлган.

XS
SM
MD
LG