Маалыматтарга караганда, Мутабар Гафурова УККнын Кокон шаардык администрациясында оперативдүү кызматкер болгон жана 2009-жылы пенсияга чыккан. Атайын кызматтын Фергана облустук бөлүмүнүн башчысы менен урушуп кеткен соң ага каршы жалган иш козголгон.
Мутабар Гафурова 2009-жылы 23-декабрда улуттук, расалык, диний дискриминация, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды даярдоо жана сактоо, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу айыбы менен 7 жылга эркинен ажыратылган.
2015-жылы февралда Мутабар Гафурова мунапыс менен азаттык алган. 2017-жылы Башкы прокуратуранын жетекчилиги Ферганага келгенде кайрылуу жасап, өзүнүн күнөөсүз экенин аныктаган далилдерди берген.
2018-жылы январда Башкы прокуратура Мутабар Гафурованы актаган. Жогорку соттун апелляциялык коллегиясы соттун чечимин жокко чыгарган.
Ага сегиз жылдык пенсиясы – 103 миллион сум (12,5 доллар) төлөнүп берилген жана “капитан” наамы калыбына келтирилген.