Ссылки доступа

Димаш Кудайберген Кытайдагы казактардын маселеси тууралуу пикирин билдирди (видео)


Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген 29-январда Астанада өткөн басма сөз жыйынында Кытайдагы казактардын маселеси тууралуу өз оюн билдирди.

Басма сөз жыйынында “Кытайдагы казактардын көйгөйүн билесизби, бул маселени көтөрүү оюңузда барбы” деген суроого ырчы дипломат же саясатчы эмес экенин, бирок боордошторунун тагдырына кайдыгер карабай турганын айтты:

– Бул маселеге кайдыгер деп ойлобоңуздар. Мен дагы бул көйгөйдүн тезирээк чечилишин каалайм. Бирок мен саясат менен алектенген ири фигура эмесмин. Мен ырчымын.

Белгилүү ырчы Астана күнүнө карата жеке концерт берер алдында басма сөз жыйынын өткөргөн.

Казакстандык ырчы, 24 жаштагы Димаш Кудайберген Кытайдагы “Мен ырчымын” музыкалык телесынагына катышып, экинчи орунду жеңип алаган. Гуанчжоу шаарында өткөн Asian Music Gala 2017 сыйлыгын тапшыруу учурунда ал “Эң таанымал популярдуу ырчы” наамын алган.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

XS
SM
MD
LG