«Биз буу казандар турган жерден 10 метр алыстыкта иштеп жатканбыз. Анан күтүүсүздөн эле жарылуу болду. Жанымдагы адам оор жараат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болду. Анын артында беш баласы калды», — деди жабырлануучулардын бири.
Аталган мектептин мугалимдеринин бири окуя 28-январда күндүзгү саат 12лерде болгонун билдирди. «Буу казандар жайгашкан жай жакында эле оңдолгон. Биздин мектепти жана анын жанындагы бала бакчаны жылуулук менен камсыз кылып турчу. 28-январда газ берүү токтотулуп, газды кайра эскертпестен эле беришкен. Жыйынтыгында катуу жарылуу болду», — деди мугалим.
Бекабад шаардык прокуратурасынын кызматкери буу казандар жайгашкан бөлмөдөгү жарылууга жаратылыш газынын сызылып чыгуусу себеп болгонун билдирди. Ал жарылуу маалында бөлмөнүн ичинде эч ким болбогонун кошумчалады.