Ссылки доступа

Ташкентте айыппул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып жайына токтотула баштайт


30-январдан тарта Ташкентте жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдарды өз учурунда төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып жайга токтотула баштайт.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара өлкөнүн Администравтивдик жоопкерчилик тууралуу кодексинде каралган.

Былтыр июлда аталган башкармалык жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата административдик айыппулдардын жаңы тартибин киргизген. Ага ылайык, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбай калган. Эреже бузуулар башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык системасына жайгаштырылып, айыппул тууралуу кат айдоочунун почта дарегине жөнөтүлүп калган.

Жаңы эрежеге ылайык, айыппулду 15 күндүн ичинде төлөбөгөн айдоочулар тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросуна жөнөтүлүп, айыппул мажбурлап алынат.

XS
SM
MD
LG