Ссылки доступа

Назарбаев насыялардын кайтарылышын көзөмөлдөө системасын сынга алды


Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев президенттин катышуусунда өтүп жаткан өкмөт жыйынында банктардан алынган насыялардын көбү кайтарылбай калып жатканын айтты.

«Акыркы 10 жылдын ичинде банктардын насыялары 5,5 триллион теңгеге өстү. Ушул эле убакыттын ичинде жоюлган жети банктын эсебинен эки банкка колдоо үчүн 5 триллион теңге берилген. Тактап айтканда, насыя алгандар бул жылдары карыздарын кайтарып беришкен эмес», - деди Акишев.

Ал ишканалардын көбү алган насыяларын кайтарбастан ишин улантып, «жаңы арзан насыяларды талап кылышарын» айтты.

Өз кезегинде президент Нурсултан Назарбаев көзөмөлдөө системасын сынга алды. «Биз өзүбүз туура эмес башкарып, туура эмес көзөмөл жүргүзгөнбүз. Бул ишке биз, банк, өкмөт жакшылап көз салган эмеспиз», - деди Назарбаев. Мамлекет башчы быйыл Улуттук банктын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам кабыл алынганын белгилеп, Акишевди көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

«Ар бир акционер өз банкынан акча уурдайт. Ал учурда биз кайда элек? Анан кийин алардын артынан кубалап калабыз. Бул иштин начардыгы», — деди Назарбаев.

XS
SM
MD
LG