Ссылки доступа

Коррупция тууралуу билдиргендерге сый акы берилет


Пара алган аткаминер тууралуу маалымат жеткирген адамга сый акы төлөнүп берилет. Кыргызстанда «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди.

Сый акы төлөп берүүнүн механизми мыйзамда төмөнкүчө жазылган: жемкорлук сотто далилденсе өндүрүлгөн сумманын 30% тиешелүү тартип коргоо органдарына түшөт, ал эми маалымат берген адамга ошол сумманын үчтөн бири төлөнүп берилет. Демек, Салянованын айтымында, кеп 10% акча тууралуу болуп жатат.

Жаңы мыйзам боюнча, мамлекет корголуучу адам жөнүндө бардык маалыматтын купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү болот. Ал эми анын жеке коопсуздугу он чакты пунктта кеңири жазылган. Мисалы, зарыл болсо турак жайы жана мүлкү коргоого алынат, коркунуч жаралса ошол тууралуу белги берүүчү атайын каражаттар берилет, кааласа башка жерге жашап турууга көчүрүлөт, өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү, өң-келбети, иштеген жери өзгөртүлөт.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев документте бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар бар экенин билдирип, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

XS
SM
MD
LG