Ссылки доступа

Иракта терроризм айыбы менен беш тажикстандык аял өмүр бою эркинен ажыратылды


Иракта сот беш тажик аялды “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу 31-январда Тажикстандын Кувейт жана Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода билдирди.

Тажик дипломатынын айтымында, Садорат Қурбонова, Мафтуна Мажидова, Гулрухсор Алиева, Гулбахор Сайфуллоева жана анын кызы Махфуза Курбоновага карата соттун өкүмү бейшембиде чыкты. Жараянга Тажикстандын Ирандагы элчилигинин өкүлү да катышты.

Тажикстандын дагы бир жараны Максуда Жахбарованын иши кийинкиге жылдырылган. Сот өкүлдөрү өзбек тилинде котормочу таба алышкан эмес.

Расмий маалыматтар боюнча Иракта 43 тажикстандык аял терроризм айыбы менен ар кыл мөөнөткө соттолгон.

​Буга чейин тажик бийлиги көптөгөн аялдар Сирия менен Иракка күйөөлөрүнүн мажбурлоосу менен кеткенин билдирген. Расмий маалыматтарга караганда, 400дөн ашуун тажикстандык аял жана балдар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүрөт.

Сирия менен Ирактын көптөгөн шаарлары ИМ тобунан бошотулгандан кийин аялдар менен балдар түрмөгө камалган, айрымдары БУУнун Сириядагы лагерлеринде баш калкалашууда. Сирия менен Ирактагы урушта Тажикстандын 1900дөн ашуун жараны ИМ тобунун катарында согушкан. Алардын көбүнүн азыркы тагдыры белгисиз.

XS
SM
MD
LG