Орусиялыктардын 42 пайызы өлкө тандаган багытты кубаттаган, ошол эле маалда сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы бийлик жүргүзгөн саясат менен макул эмес. 12 жылда биринчи жолу “Левада” борбору жүргүзгөн иликтөөдө "өлкө туура эмес жолдо бара жатат" деп эсептегендердин саны басымдуулук кылды.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жана өкмөттүн кадыр-баркы да сурамжылоого алынган. Аткаруу бийлигин калктын үчтөн бири колдосо, калгандары өкмөт жүргүзүп жаткан саясатка каршы. Респонденттердин 64 пайызы Мамлекеттик Думанын ишмердүүлүгүнө нааразы.
Орусия президенти Владимир Путинди орусиялыктардын үчтөн экиси кубаттаган.
Январда Жалпы орусиялык коомдук пикирди иликтөө борбору (ВЦИОМ) орусиялык саясатчылардын ишеним рейтингин жарыялаган. Баяндамада Путинге болгон ынануу тарыхый минимумга жеткени белгиленген.